Саясатты бизнеске айлантып алгандар бар экенин жакшы эле билчүбүз. Бирок, ошолордун катарын Адахан Мадумаров толуктап калат деген ойду такыр ойлогон жок элек. Көрсө, дарамети жакшы болбой, көздөгөн максатына жетерине көзү жетпей калгандан кийин Адахан мырза деле “саясаттан акча жасап калайын жок дегенде” деген принцип менен жашап калыптыр. 

 

Мындай дегенибиздин себеби ал 2010-жылдагы апрель революциясынан бери карай эле шайлоолорду акча табуунун куралына айлантып алды. Адегенде 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо Бакиевдерден ири суммада акча алганы тууралуу кептер айтылган. Ошон үчүн ал шайлоочулар менен жолугушууларынын биринде “Мен Акаевди, Бакиевди чоң урмат-сый менен алып келем” деген болчу. 

 

Андан кийинки 2011-жылдагы президенттик шайлоодо болсо кан досу болуп саналган Данияр Үсөновдон (азыр Даниил Урицкий) жана казакстандык олигархтардан финансылык колдоо алганы маалымат булактарында көп жазылган. Ошол шайлоонун алдында ал 2 ок өтпөс “Жип” унаалары менен жүрүп калганын билебиз. 

2015-жылдагы парламенттик шайлоодо да жыдыды. Өткөн жылдагы президенттик шайлоодо да ийгиликке жетпеди. Бирок, жакшы эле акча иштеп алганын айтып жүрүшөт. 

 

Акыркы күндөрдө ал экс-ажо А. Атамбаевдин короосун шыйпаңдап калганын кеп кылгандар көп болчу. “Мени кабыл алып койсунчу, мен анын кызыкчылыгында сүйлөп турайын” деген салам-дубай айттырып жатканын да укканбыз. Кыязы, анын салам-дубайын АША кабыл алса керек, ага тиешелүү “Апрель ТВга” барып чай үстүндө отуруп маек куруп калыптыр. Анан ал маегинде адатынча бийликти шыбап, өзүн шер көрсөтүп жатканын көрдүк. Болгону ошол “кызматы” үчүн экс-ажодон канча акча алганын азырынча биле элекпиз.  

 

 

 

Булак: Телегра