Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 251

 

 

 

Россиянын www.rosbalt.ru сайтына Ирина Джорбанидзе деген журналисттин Сооронбай Жээнбековдун президенттик ыйгарымдарын аткара баштагандыгына  бир жыл толгондугуна карата макаласы жарыяланды. Анын Кыргызстанда болуп, мындагы саясый, социалдык-экономикалык абал менен таанышып, көргөндөрүнө таянып  же мезгилдик жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан материалдардын негизинде жазгандыгы тууралуу кабарыбыз жок, бирок ал айрым туура байкоолорду, ойлорду айткандыгын белгилеп кетүү керек.

 

Сооронбай Шариповичтин президенттик шайлоодо ишенимдүү жеңишке жетишкендигинин себеби, аны эч кандай    жаман иштерге аралашпаган таза адам катарында эл жакшы билгендигинде болгон. Ал Кыргызстандын эң ири Ош облусун беш жылдан ашык жетектеген. Жээнбеков премьер-министр болуп турганда Кыргызстан экономикалык жактан акыркы сегиз жылдагы эң мыкты көрсөткүчтү жараткан. Мына ушулардын бардыгы анын атаандаштарын утуп чыгуусуна негиз болгон.

 

Ички, сырткы серепчилерде экс-президент премьер-министрдин укуктарын көбөйтүп, мамлекет башчысыныкын чектеген Баш мыйзамды кабыл алдыргандан кийин Кыргызстанда кош бийлик пайда болуп, алардын артынан мурдагы президент башкара береби? – деген күдүктөр пайда болгондугу чындык. Бирок, Сооронбай Жээнбеков кош бийликке да, экс-президенттин мамлекеттин ички, тышкы иштерине кийлигишүүсүнө да жол берген жок. Адегенде экс-президент мамлекет башчысынын кадрдык иштерине кийлигишкенге аракеттенди, бирок Ирина Джорбанидзе туура байкагандай, Сооронбай Жээнбеков экс-президентти айланасындагылары менен кошо ишенимдүү четке сүрүп таштады. Ал эң туура болду, анткени, негизги маселелерге келгенде мамлекетте бир гана кожоюн болушу, башкаруу иштерин достордун тобу жүргүзпөшү керек. Эл бизде президенттен гана сурайт, ошого бардык үмүт, ишенимдерин артат. Анын негизинде аракеттеги президент ичте да, сыртта да өзүн эч кимге көз каранды эмес, өз алдынча мамлекет башчысы катарында далилдей алды. Эгерде ал экс-президенттин таасиринен чыга албаса, сырттагыларда кенедей да кадыр-баркы, таасири болмок эмес. Алар С.Жээнбековдун толук өз алдынча жетекчи экендигине ишенишкенден кийин гана мамилелерди жакшыртууга ыкластанышты. Президент кыска убакыттын ичинде экс-президент чатакташып кеткен алыскы, жакынкы өлкөлөр менен мамилелерди оңдоду. Алар мурда көп айтылган, кайталоонун кажети жок, биз мында Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путиндин макулдашуусунун негизинде, Кыргызстандын “кара тизмеге” кирген мигранттарынын жарымына жакыны кайра Россияда иштеп, жашаганга укук алышкандарын гана айткыбыз келет.

 

Сооронбай Жээнбековдун сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө коррупцияга каршы элдешкис күрөш жүргүзүп жаткандыгына күбө болуудабыз. Экс-президент коррупцияга каршы күрөштү - саясый атаандаштарын каматуу катары түшүнсө, азыр элдин, мамлекеттин байлыктарына кол салгандыгы аныкталгандардын бардыгы кармалууда. Мында карматканга жеткирбей качып кеткендер болгондугун да моюнга алуубуз керек. Бирок, укук коргоо органдары Интерпол аркылуу аракеттенишсе, качкандар да жакшынакай “браслеттер” менен кайра алынып келинет деп ойлойбуз.

 

Элден түшкөн арыз-даттанууларды текшерүү, убактылуу кармоочу жайларда көптөн бери жаткандардын иштерин тездетип, аларды мыйзамдын негизинде чечүү багыттарында аябагандай чоң жылыштар болду. Акыркы сегиз жылда шек туудурган, элди нааразы кылган кылмыш иштеринин бардыгы кайра каралып чыкты.

Президент сот реформасын тездетип, аны келерки жылы аягына чыгарууну милдет кылып коюуда. Чындыгында соттор, укук коргоо органдары тазаланмайынча, коомдун тазалануусу, жакшыруусу эң эле кыйын.

 

Орусиялык журналист белгилегендей, өткөн тогуз айда экономиканын өсүшү өткөн жылдын тогуз айына салыштырганда басаңдап, инвестициялардын азайып кеткендиги, ички дүң жыйымдын ар адамга эсептегендиги көлөмү боюнча Кыргызстандын КМШда эң артта калгандыгы, адамдык өнүгүүнүн индикатору боюнча да дүйнөдө акыркы орундарда экендигибиз, айрым кызматтарга келгендердин элде түшүнбөстүктөрдү, нааразылыктарды жаратып жаткандыгы чындык. Бирок, булар бир жылда пайда болгон жок, көз карандысыздыктан бери тереңдеп келаткан маселелер, аларды бир жылда кескин өзгөртүп жибергенге мүмкүн да эмес.

Мындай көрүнүштөр президенттин, мүмкүн, экономикалык, социалдык, фискалдык блоктордо компетенттүү командаларды түзө албагандыгынан да болуп жаткандыр. Орустар; “первый блин всегда комом” дешет эмеспи, бул жагы да бардыр. Бирок, бул президенттин алгачкы жылынын алгачкы жыйынтыктары гана экендигин, ага убада кылгандарын аткарууга дагы 5 жылдык убакыт бардыгын да эсибизден чыгарбайлы. 

 

Ал эми Россиянын абройлуу маалымат каражаттарынын президеттин ишмердүүлүгүнө оң баасын бере баштаганы жакшы көрүнүш. Ошол эле учурда расмий Москвага, президент Владимир Путинге түздөн-түз баш ийген ФБС экс-президент АШАнын эң жакын адамы Икрамжан Илмияновду кармоого көмөгүн көрсөткөнү да көп нерседен кабар берет. Ошол эле маалда Европанын таасирдүү ММКлары Атамбаевдин мыйзамсыз байыганын, Кыргызстанда рейдерлик аракеттерди жасаганын, ири коррупциялык иштердин башында турганын ачыктай баштады. 

 

Биз болсо Сооронбай Жээнбековдун тушоо кескен убагын, ишенимдүү башталып, көп ишенимдерди, үмүттөрдү жараткан жыл катарында эсептейбиз.

 

 

 

Булак: Телегра