Премьер-министрликтен кеткенден кийин “эс алам” деген Сапар Исаковго көпкө эс алууга мүмкүнчүлүк беришпеди. Арадан бир жума өтүп-өтпөй, ал Атамбаевдин жанына барды. КСДП партиясынын төрагасынын орун басары болуп дайындалганын аталган партиянын катчылыгынан билдиришти. Аны менен катар төрага орун басары болуп, Жогорку Кеңештин депутаттары Асель Кодуранова менен Мурадил Мадеминов да дайындалган. Сапар Исаковдун Атамбаевдин жардамчысы болушуна партиянын бардык мүчөлөрү бир добуштан ишеним көрсөтүшкөн. Алардын арасында Исаковдун өкмөт башчылыгынан кетүүсүн КСДП фракциясындагылардан алгачкылардан болуп туура деп эсептеген, анын өз милдетин жөндөп аткара албаганына сын айткан Чыныбай Турсунбеков да бар. Ошентип, экстер КСДПнын катарына топтоло башташты.

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити