Бишкек шаардык кеңешинин "Республика - Ата Журт" фракциясы мэр Албек Ибраимовдун отчетун угуп, аны "канааттандыраарлык эмес" деп тапты. Муну депутаттар шаарда аткарылган иштерге карап, тагыраагы жолдорду  оңдоо начар жүргөнүн, шаарда жерлер сатылып кеткенин да мэрдин ишинин начардыгы катары эсептешти.

 

Бишкек шаардык кеңешиндеги "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаттары өзгөчө Ош базарындагы өрт кайра-кайра кайталанганын, аны мэрия алдын албай калганы аз келгенсип, эч ким жоопко тартылбай калганын да жүйө келтиришти.

 

Мындан улам, "Республика - Ата Журт" фракциясы Албек Ибраимовдун отчету боюнча маселени Бишкек шаардык кеңешинин сессиясына алып чыкмай болушту.