Тармактык комитет Сапар Исаковдун өкмөтүнө ишеним көрсөтпөө маселесин күн тартибине киргизүүнү колдоду.  Жогорку Кеңештин күн тартибине 106 депутаттын макулдугу менен аталган маселе киргизилди. 

 

Бирок, депутаттар танаписке чыгуу зарылдыгын белгилешти. 

 

"Бул тарыхый чечим. Тарыхый чечимди кабыл алуунун алдында тыныгуу жарыялайлы", - деп сунуштады депутат. 

 

Бул сунуш да добушка коюлуп, көпчүлүк депутаттардын колдоосуна ээ болду. Мындан улам парламент жыйыны саат 14:00дө улантылат.