Сапар Исаков башында турган өкмөттү отставкага кетет деген айың кептер буга чейин эле айтылып келген болчу. Айрыкча мындай иш аракеттер оппозициялык фракциялардын арасында болууда.
Маселен кечээ, Жогорку Кеңештин айрым депутаттары ачык эле, өкмөттү кетирүү керек деп так кесе айтып салышты.
Анткен менен КСДП бийликчил фракциясы өкмөттүн өткөн жылы аткарган ишин жактырды. Бирок, Сапардын аткаргандары Ата-Мекенчилер менен Өнүгүүнүн депутаттарына жагышы кыйын болуп каган сыяктуу.
Белгилей кетсек, эртең аталган фракциялар өкмөттүн отчетун угат.