Өкмөт башчы Сапар Исаков чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев менен жолугуп, өзбекстандык чек арачылардын ок чыгаруу окуясы боюнча маалымат алды.
Белгилүү болгондой, окуя боюнча ар тараптуу иликтөө жүргүзүү үчүн биргелешкен жумушчу топ түзүлдү. Анын курамына эки өлкөнүн чек ара ведомство өкүлдөрү, чектеш аймактардын райондук администрация башчылары, укук коргоо органдарынын, прокуратура жана каттоо кызматтарынын өкүлдөрү кирген.
Эскерте кетсек, 7-апрелде Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кербен шаарынын Мамай калктуу пунктуна жакын жерде өзбек чек арачылары кыргыз жаранын атып салышкан.