Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитети КР Премьер-министри Сапар Исаков тарабынан сунушталган Өкмөттүн аппарат жетекчилигине Мурат Мукамбетовдун жана юстиция министрлигине Айнур Абдылдаеванын талапкерлигин жактырып, ал маселени парламенттин кароосуна алып чыгуу чечимине келди.

 

Мурат Мукамбетов Өкмөттүн аппаратында 2003-жылдан бери иштеп, 2012-жылы аппарат жетекчисинин биринчи орун басарлыгына дайындалган.

Ал эми Айнур Абдылдаева буга чейин Юстиция министрлигинин статс-катчысы кызматын аркалап келген.