Сабыр Муканбетов, саясий серепчи:
“40 кадамдын ишке ашышына биринчи өздөрү ишенеби?”
- Ал программа ишке ашуу үчүн эмес, ошондой эле элди алагды кылыш үчүн эмес, Жогорку Кеңештин сессиясына куру келбеш үчүн жазылган программа десек болот го? Чынымды айтканда буга чейин адамды жерге бергенден кийин кырк кадам алыстап туруп экинчи ирет куран окуганда гана 40 кадам деген сөз айтылчу. Ошол 40 кадам деген сөздү колдонуп, программа болоорун укпаптырмын. 40 кадам дегиче тогуз коргоол деп коюшса деле болмок экен. Чынында кеп атында эмес, затында. Бул 40 кадам деген программанын заты барбы? Ишке ашышына биринчи өздөрү ишенеби деген маселе бар. Менимче, бош папке менен келип, "мына программабыз бар, ар бириңе тараттык. Калганын өзүңөр окуп алгылачы, окуганга убакыт убакыт жок болду" десе деле аны премьер-министр кылып шайлашмак окшойт. Анткени, Атамбаев баарына "ашатып" койгон тура.
Турсунбек Акун, экс-акыйкатчы:
“Сапар Исаков демилгечи болгон “Таза коом” долбоорунун көп жактарын колдойм”
- Чынымды айтсам, президенттик жарыш менен алаксып жүрүп мен ал программаны окуй элекмин. Окуганда оз оюмду толуграак айтам. Негизи Сапар Исаков бирден-бир демилгечи болгон “Таза коом” долбоорунун көп жактарын колдойм. Ал долбоордун каржылык жактары дагы камсыздалып жатканына күбө болуудабыз. Эгер 40 кадам ошол программадай ишке аша турган болсо, анда турмуш чындыгына жакын эле болот.
колдойм.
Замирбек Көчөрбаев, коомдук активист:
“40 кадам мамлекетти кризистен чыгара турган программа эмес, ал - жомок”
- Ачыгын айтыш керек, Сапар Исаков айтып чыккан “40 кадам” программасы мамлекетти кризистен чыгара турган программа эмес, жомок. Эл арасындагы "жаштар келсе өлкөдө өзгөрүүлөр болот" - деген ишенимди да жокко чыгарышат эми. Мамлекетибиздин атын Кыргыз Республикасы дебей эле КСДП деп атап алсак болчудай болуп калды окшойт. Эл өкүлдөрү ушунчалык пастыкка барат деп ойлогон эмесмин. Алар Атамбаевдин 119 коюндай эле таасир калтырып калды.
Эркингүл Иманкожоева, экс-депутат:
“Өкмөттө баш ооруу көп”
- Мен ойлойм, Сапар Исаков сунуштаган “Жаңы доор - кырк кадам” программасы реалдуу эмес. Ал элди алагды кылып, “иштеп жатабыз” деген түр көрсөтүп туруш үчүн айтылган жомок. Анткени программаны ишке ашыруу үчүн сөзсүз түрдө финансалык колдоо керек. Ал колдоо табылган жок! Бюджетте акча жок. 2018-жылы 160 миллион доллар тышкы карызды төлөгөнү турабыз. Анын программасын ишке ашыруу эмес, өкмөттө “карызды кайдан табабыз” деген баш ооруу турат. Сапар Исаков болсо башкасы кыйрап калгансып, “кредит алам” дейт. Чынында кредит алуу абалды женилдетпейт!
Шайлообек Атазов, коомдук активист:
“Жомок жана популизм!”
- Сапар Исаковдун программасы депутат Каныбек Иманалиевдин берген суроолорундай эле окшойт. Чындыкты эске алсак, анда бул кадам эмес, көз боемоочулук! Бул элди алдоо! Жомок жана популизм! Анда “Лиглас”, “Кумтөр”, тышкы карызыбыз, Дача-суу, таможныйдагы корупциялык системалар, жумушсуздукту чечүү боюнча кадамдары жокко эсе.
Кабай Карабеков, экс-депутат:
“Жакшы юмордой кабыл алып койсок болот”
-Биз көп программаларды уктук, аны ишке ашырабыз дегендерди 25 жылдан бери көп көрдүк. Анткени, ар бир өкмөт жаңы программа жазат. Бирок, бирөө дагы ишке ашкан жок. Кыскасы, өкмөт өз прграммасын ишке ашырам деп ишти баштаганы менен жыйынтыгында башка жазат. Негизи бул программа тууралуу кеп кылуудан мурун аны көп өкмөттүн программасындай, жакшы юмордой кабыл алып койсок болот.
Чынайым Кутманалиева
Булак: “Майдан.kg” гезити