31-август Эгемендүүлүк күнү борбор калаабыздын “Манас” проспектисинин боюнда курулуп аткан “Азия Молл” соода борборунун ачылыш салтанаты болот. Буга байланыштуу учурда соода борбордун имаратынын жасалгаланышын толугу менен аяктоого курулушчулар катуу киришип отурган чагы экен. Ал эми анын кожоюну болуп саналган “Республика-Ата Журттун” лидери Өмүрбек Бабановдун пиарщиктери Кыргызстанда бир укмуш чоң жаңылык болуп аткандай соода борбордун ачыла тургандыгын жарнама кылышууда.
Чын эле бул көкүрөк кагып мактана турган же элибиздин төбөсү көккө жетип кубана турган окуябы? Талдап көрөлү.
Биринчиден, мына ушул соода борбору курулган жерде тээ Акаевдин доорунда жакшынакай “Инструментальщик” аттуу стадион бар эле. Ал стадиондо шаардыктар футбол ойношуп, эртең менен эрте туруп алып чуркашып, түрдүү көнүгүүлөрдү жасап ден-соолуктарын чыңдап турушчу.
Анан эле 1999-жылы жаш баладай болуп эки колун алдыга созуп алып, ар кимге чуркап барып учураша берүүчү академик-президент Аскар Акаев ошол стадиондун ордуна супермаркет куруу боюнча түркиялык ишкерлер менен келишимге кол коюп жиберет. Ал түрк компаниясы да шылуундардын бири болгон экен, стадионду бузуп салышканы менен эч кандай супермаркет деле курушпайт. Ал эми Акаев “ыраазычылык” үчүн алып койгон акчасына кымылдап унчукпайт.
Түрк ишкерлери ал жерди кийин башкаларга сатат. Бирок кимдерге сатканы, канчага сатканы тууралуу эч кандай маалымат чыкпайт. Анан Бакиевдин заманы келет. “Инструментальщик” деген стадион бар эле деп эч кимиси эстиеп койбойт. Анан Убактылуу өкмөт бийликке келет. Анда деле стадиондун таржымалы талкууланбайт. Көрсө, тарыхы түнт токойго айланып калган “Инструментальщик” стадиону жайгашкан жерге Өмүрбек Бабановдун туугандары ээлик кылып калган экен да. Бирок, аны Бабановдун туугандары сатып алганбы же тартып алганбы, азырынча белгисиз жагдай. Белгилүүсү, шаардыктардын ден-соолугун чыңдай турган, көңүлүн ача турган стадион түп-орду менен жоголуп, минтип “Азия Молл” аттуу бир адамдын чөнтөгүн кампайта турган соода борбору курулуп калды.
Экинчиден, бул соода борборун Ө. Бабановдун аялына караштуу курулуш компаниясы курганын билебиз. Болгондо да Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан 4%дык жеңилдетилген 17 миллион доллар өлчөмүндөгү кредитке курулган. Бабанов өзү да муну танбайт. Ал албетте адегенде аялын жаап-жашырып “жакын тууганым” деп айткан. Бирок, ал “жакын тууганы” аялы экени ошол эле күнү белгилүү болуп калган. “Менин жакын тууганым менден Кыргыз-Орус фондуна кайрылсам болобу деп сураган. Мен “албетте болот, болгону рынок шартында” деп айткам” деген болчу ал журналисттерге 17 миллион доллар кредиттин таржымалы тууралуу жооп берип жатып.
Эгерде ошол 17 миллион долларды дүңүнөн Бабанов алып койбогондо аны бери эле дегенде 100 дыйкан-фермерлер жеңилдетилген кредит катары бөлүп алышмак. Анан алар өздөрүнүн чакан ишканаларын же чарбаларын иштетип, өндүрүштү жандантмак. Ал эми Бабановдун аялы курдурган “Азия Молл” эч нерсе өндүрбөйт. Болгону аны ар кайсыл соодагерге ижарага берип Бабанов чөнтөгүн калыңдатат.
Ошентип жакшылап анализ жасап көрсөк, “Азия Молл” соода борборунун курулушуна Бабанов жана анын үй-бүлөсү гана кубанбаса, калганыбыз кубана турган деле окуя эмес экен. Тескерисинче күйүнө турган окуя болууда. Себеби, биринчиден жакшынакай турган стадион жок. Же ошол стадиондун компенсациясы деп Бабанов мырза башка жерден бир жок дегенде спорттук аянтча куруп койгон жок.
Экинчиден, ал соода борбору бери дегенде 100 дыйкан-фермерлер алып, өлкөбүздүн өндүрүшүн жандантууга жумшай турган 17 миллион доллар өлчөмүндөгү жеңилдетилген кредитке курулуп атат. Ал 17 миллион доллар ошентип бир гана Бабановдун үй-бүлөсүнүн финансылык кызыкчылыгына кызмат кылып калууда. Эгерде аны 100 жаранга бөлүп бергенде, 100 үй-бүлөнүн финансылык абалын оңдоосуна шарт түзүлмөк. Ошол эле убакта өлкөбүздүн өндүрүшүнүн жандануусуна өбөлгө болмок.
Андыктан “Азия Моллдун” ачылышына эмнеге кубанмак элек? Күткөн деле киши жок.

