Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 205

 

Курултайга Баткенден келген мугалим карапайым элдин бийликке карата көз карашын ортого салды.

 

Бишкекте ушул тапта Туруктуу элдик курултайы өтүүдө.

 

Баткендик мугалим Тажибаева Садалат «Адам баласы кызматта турганда кылган-эткенине анча маани бербейт экен. Кызматтан кеткенден кийин гана кылган иштеринин кайсынысы туура, кайсынысы туура эместигин байкап, элге кошулат экен», - деди.

 

Ал Баткенде чегара маселеси дагы деле күчүндө экенин белгилеп, борбордон абдан алыс жайгашкан аймакта Туруктуу элдик курултайы өткөрүлгөнүнө сыймыктанаарын билдирди.

 

Эске салсак, буга чейин Кадамжай районунда аталган курултай болгон.

 

«Анын уюштуруу иштерине катышканым үчүн басым болду. Бала-чакама чейин чакырып, суракка алышты», - деди Тажибаева.

 

Ошондой эле ал «жеп-ичип» мамлекеттин байлыгына кол салган чиновниктер жоопкерчиликке тартылбай, тескерисинче кызматтан жогорулаганына нааразычылыгын билдирди.

 

«Карапайым элдин нааразы болгон ушул. Жазып атышат, айтып атышат тиги чиновник «жептир- ичиптир» дешет. Бирок, кийин карасаң ошол адам президенттин кеңешчиси болуп алган болот», - деди ал.