Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйынында «Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» конституциялык мыйзам долбоору жана «Атайын наамдарды ыйгаруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда жактырылды.
Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.
Маалымат менен улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Курванбек Авазов тааныштырып: «Атайын наамдарды жана атайын класстык чендерди белгилөө чөйрөсүндөгү колдонуудагы мыйзамдар аскер кызматкерлерине таандык болгон айрым айырмалоо белгилерин (беш бурчтуу жылдыздары бар погондор) негизсиз колдонууга алып келди, алар негизинен жарандык функцияларды аткарган мамлекеттик кызматкерлердин формалык кийимдеринде колдонулган.
Мыйзам долбоорунун максаты салык, бажы органдарынын (айрым бөлүмдөрдү кошпогондо), ошондой эле прокуратура органдарынын (аскер прокуратурасынан тышкары) кызматкерлеринин аларды кийүү укугун алып салуу жолу менен көрсөтүлгөн айырмалоо белгилерин колдонууну тартипке келтирүү болуп саналат. Прокуратура органдарынын кызматкерлери үчүн ээлеген даражасына ылайык келген атайын класстык чиндердин системасы сакталат (мисалы, 3-класстагы юстиция кеңешчиси), ошол эле учурда аскерлештирилген атайын наамдарды ыйгаруу жоюлат», - деп белгиледи.
Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева Башкы прокуратура мыйзам долбоорундагы прокуратура органдарына тиешелүү сунушталган ченемдер менен макул эместигин айтып, бул прокуратура органдарынын институционалдык көз карандысыздыгына терс таасирин тийгизерин билдирди.
Талкуунун жүрүшүндө депутаттар Кубанычбек Самаков жана Нурланбек Азыгалиев бир катар суроолорду тактап, мыйзам долбоорлорун колдошту.