Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын мэри Азат Салмурбек уулу кызмат ордунан бошотулду. Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.
Анын ордуна Кара-Балта шаарынын мэри болуп Алмазбек Исаков дайындалды.
Буга чейин ал Талас облустук ички иштер башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.