Министрлик акыркы күндөрү Иран Ислам Республикасынын бир катар шаарларында санкцияланбаган нааразычылык акциялары катталып жатканын билдирет. 

2026-жылдын 6-январына карата Иран ТИМинин расмий маалыматы боюнча, Ирандын аймагындагы нааразычылык акцияларынын жүрүшүндө жабыркагандардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок.

Жогоруда көрсөтүлгөн жагдайларга байланыштуу Министрлик Кыргыз Республикасынын жарандарына Иран Ислам Республикасына шашылыш жана аргасыз жумуштар болбосо, убактылуу баруудан баш тартууну сунуштайт.

Ирандын аймагында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына төмөнкүлөр сунушталат: 

- сактыкты жана этияттыкты жогорулатуу;

- эл көп чогулган жерлерден, демонстрациялардан жана башка нааразычылык акцияларынан оолак болуу; 

- жергиликтүү бийликтин жана укук коргоо органдарынын талаптарын жана сунуштарын так сактоо; жаныңызда инсандыкты ырастоочу документтер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Элчилигинин байланыш маалыматтары болушу керек; 

- жергиликтүү бийликтин жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн расмий билдирүүлөрүнө көз салып туруу. 

Министрлик кырдаалдын өнүгүшүнө тыкыр көз салып турат жана зарыл болгон учурда жарандарды мүмкүн болгон өзгөрүүлөр жөнүндө ыкчам кабардар кылып турат. 

Өзгөчө кырдаалдар келип чыккан учурда Кыргыз Республикасынын жарандарына Тегерандагы Кыргыз Республикасынын Элчилигине ыкчам түрдө кайрылуу сунушталат. Ишеним телефон номери: +989352505226, +989352505229.