Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 357

2025-жылдын 19-декабрында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаев Саксония-Анхальт федералдык аймагындагы Барлебен шаарына барды. Иш сапардын алкагында ал бургомистр Франк Назе менен жолугушуу өткөрүп, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана ишкердик чөйрөдөгү ассоциациялардын өкүлдөрү менен болгон кеңейтилген жолугушууга катышты.

Бургомистр Франк Назе менен болгон эки тараптуу жолугушууда Кыргызстан менен Барлебен шаарынын ортосундагы аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечеги, ошондой эле биргелешкен экономикалык долбоорлорду ишке ашыруунун мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Элчи Ө. Текебаев өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып, Кыргызстандын Германиянын муниципалитеттери менен өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирип, Барлебендин ыңгайлуу логистикалык жайгашуусу бар, өнөр жайы өнүгүп жаткан аймак катары потенциалын өзгөчө белгиледи.

Андан соң Элчи Ө. Текебаев Барлебен шаарынын жана Саксония-Анхальт федералдык аймагынын администрациясынын, ишкердик жана илим тармагындагы ассоциациялардын өкүлдөрү менен кеңейтилген жолугушууга катышты. Жолугушуунун катышуучулары энергетика, билим берүү жана квалификациялуу кадрларды даярдоо тармактарындагы кызматташтыктын келечектүү багыттарын, ошондой эле Кыргызстандын аймактары менен Саксония-Анхальттын ортосунда түздөн-түз өнөктөштүк байланыштарды орнотуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.