Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 289

Мурдагы илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Бактияр Орозов мас абалында унаа айдаганы үчүн бир жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылды. Бул тууралуу Аламүдүн райондук сотунан билдиришти.

Эске салсак, 15-декабрда президент Садыр Жапаров Орозовду "мамлекеттик кызматкердин этикасын сактабагандыгы үчүн" деген негиз менен кызматтан бошоткон.

Ошол эле күнү кечинде 15-декабрга караган түнү ал Кой-Таш айылынын аймагында мас абалында унаа айдап жүргөнү үчүн кармалганы маалым болгон. Ал кызматтык унаада болгон жана жанында айдоочулук күбөлүгү да жок экени аныкталган.

Булак: sputnik.kg