Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 485

Бишкек шаарынын экс-мэри Нариман Түлеев учурдагы бийлик мурдагы-азыркы президенттердин командасы деген түшүнүктөн чыгып, баарына бирдей мүмкүнчүлүк берип жатканын айтты.

Ал Бишкектеги ЦУМдун алдындагы курулуш тууралуу айтып жатып, бул долбоор 6-7 жыл мурда, Сооронбай Жээнбеков президент болуп турган учурда эле жаралганын, бирок ага кайрылып жатып эч кандай натыйжа ала албаганын белгиледи.

“Мен көп жолу кайрылдым, ага Исмаил Исаков күбө. Бирок ал киши (С.Жээнбеков - ред) аны деле кой, муну деле кой деген киши эмес беле, унчукпай келип, унчукпай кете бербедиби. Болбосо ошол убакта эле курулуп калмак”, - деди.

Ошондой эле ал Атамбаев убагында эч бир ишти жасай албаганын эскерди.

“Азыркы бийлик бир гана мага иш берип жаткан жок. “Авангард” иштеп атат, жетекчиси Атамбаевдин убагында транспорт министри болуп жүргөн. Ошол эле Баьанов жылына 60-70 миллион доллар таап жатат. Атамбаевдин убагында андай акчаны эч убакта тапкан эмес. Бул бийлик баарына мүмкүнчүлүк берип жатат, долбооруң болсо, кайрылсаң, бул бийлик “только вперёд” деп турат. Атамбаевдин убагында 12 жыл мени иштетишкен жок. Команда берип “ушунун долбоорун алдыга жылдырсаңар, атабыз, тиги-бу дегенге чейин барышкан”, - деди Нариман Түлеев.