Чыныбаев Мирлан Койчубекович кайрадан И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору болуп дайындалды.

Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Жаңы дайындалган ректор окуу жайдын жамаатына тааныштырылды.