Бир убакта журналист Мирлан Дүйшөнбаев соцтармактагы баракчасына: "Казакстан менен Өзбекстандын коомчулугу өздөрүнүн Ташиевин көргүлөрү келүүдө, бирок бийлик башчыларына саясий эрк жетпей жатат" деп жазган. 

Чынында, акыркы учурда социалдык тармактарда КР УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев тарабынан өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн жасалып жаткан иштер байма-бай чыккан сайын, өзбекстандык жана казакстандык колдонуучулардын улам көбүрөөк комментарийи коштоп баштады. 

Мисалы, Кельден Айтжанов аттуу казакстандык: "Эмнеге Казакстанда мындай генерал жок?"  деген өкүнүчүн билдирген. 

Алижон Гаибов аттуу өзбекстандык: "Кыргызстан - Борбор Азияда келечектеги Сингапур" деген тилегин бөлүшкөн. 

Мындай мисалдар көп. Кыргыз генералынын кыргыз коомчулугун кылмыштуулуктан, коррупциядан тазалоо, акыйкаттуулукту, мыйзам үстөмдүгүн орнотуу, элдин кызыкчылыгын башкы орунга коюу аракеттери коңшу өлкөлөрдүн элинин да көз жаздымында калган жок. 

Таза эмгекти, адал ниетти жашырууга болбойт, ал Күн-Ай сыяктуу эле жалпы элге даана көрүнүп турат.