Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 432

Жогорку Кеңештин жаңы келген депутаттары манжанын изи менен катталып, добуш беришет. Бул туурасында парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, депутаттарды каттоо жана добуш берүү процессинде манжа издерин колдонуу нормасы 2026-жылдын январында күчүнө кирет.

Учурда техникалык жактан камсыздалып, даярдык иштери жүрүүдө.

Регламент боюнча депутат кайсы бир маселе боюнча өзү гана добуш бериши керек жана добуш берүү укугун башка депутатка өткөрүүгө тыюу салынат. Бирок ага карабастан буга чейин эл өкүлдөрү бири-бири үчүн добуш берип койгон учурлар көп болгон.

Булак: govori.tv