Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 397

№13 шайлоо округунан талапкер болгон Бактыбек Сыдыков бул шайлоо тилкесиндеги добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылганына байланыштуу кайрылуу жасады.

«Мен да элиме, мамлекетиме кызматымды улантуу үчүн бул жарышка катыштым. Күрөш таза жана калыс болду. 19 миңден ашуун добуш алып, жалпы өлкөдө эң көп добушка ээ болгон талапкерлердин арасынан үчүнчү орунга чыгып, жеңишке жеттим. Бирок тилекке каршы, айрым атаандаштарым ар кандай ыплас ыкмалар менен каралоолорду жаадырып, БШК аркылуу мени жеңиштен четтетишти. Кыргызда «кыныр иш кырк жылда билинет» деп айтылат. Мен чындык сөзсүз айтылат деп ишенем, ким эмне үчүн, кандай максатта мындай иштерге барганын ачыкталган күн келет»,-деп жазды Сыдыков.

Булак: govori.tv