Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 235

БШК 30-ноябрда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышкан талапкерлердин шайлоо өнөктүгүнүн каржылоосу тууралуу жалпы маалымат таратты. Бул тууралуу "Govori.tv" маалымат агенттиги жазып чыкты.

Анда айтылгандай, бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлер өз-өзүнчө, ал эми 9 талапкерди көрсөткөн “Ынтымак” саясий партиясы чогуу шайлоо фонддорун түзүштү.

БШКнын сайтында айтылгандай, 29-ноябра карата алынган банктык маалыматтарга ылайык талапкерлердин жана саясий партиянын шайлоо фонддорунун атайын эсептерине түшүүлөрдүн жалпы суммасы 1 млрд. 791 млн. сомду түздү, анын ичинде:

Бул сумманын ичинен 1 млрд 582 млн сом шайлоодогу үгүт иштерине сарпталды. Калган 147 млн сомдон ашыгыраак каражат шайлоо төгүмүн төлөөгө жумшалды.