Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү дайындалды
Саясат
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Азамат Осмонов мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.