Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 312

Коопсуздук маселелери боюнча талдоочу Артур Медетбеков парламенттик шайлоо таза, жогорку деңгээлде өттү деп эсептейт. Ал бул тууралуу пикирин "Кабар" улуттук агенттигине айткан. 

Ал бул шайлоо өзгөчө шайлоо болгонун, жаңы автоматташтырылган аппарат колдонулганын белгилеген. Ошондой эле, буга чейинки шайлоолорго жолтоо болгон көрүнүштөр жоюлуп, бюллетень дароо шайлоочунун колуна чыгарылып берилип жатканын жетишкендик катары баалаган. 

"Жаранды таануу, документ текшерүү системасы жакшы иштерин көрсөтүүдө. Бул дагы бир өзгөчөлүгү. Бул жолку шайлоону таза өткөрүүгө бардык ыкмалар колдонулду. Бирок тилекке каршы, үйрөнгөн адат калабы дегендей, добуш сатып алууга умтулгандар, дагы башка ыкмаларды колдонуп жаткан талапкерлер кездешти. Экинчиден, БШКнын билдирүүсүндө 200дөн ашык шайлоо эрежелерин бузуу учурлары катталганы айтылды. Аларга айып пул же эскертүү берилип калганы дагы да болсо башка талапкерлерге кооптонууну жаратып койду. Негизинен мурдагы шайлоого караганда бул шайлоодо унаа менен элди ташыбай, урнага бюллетендер ташталбай, жогорку деңгээлде, тазараак өттү десек болот. Канткен менен мамлекетибизде таза шайлоо өткөргөнгө умтулуу бар.

Бүгүнкү күндө жарандар шайлоого активдүү катышып, келе турган депутаттардын Кыргызстанга мыйзам чыгарып, аткаруу бийлигине кандай талаптарды кое алары, өлкө тагдыры, өсүп-өнүгүшү шайлоочулардан көз каранды.

Эң башкысы стабилдүүлүк, тынчтык жана коопсуздукка маани бере турган жагдайдын жаралышы маанилүү", - деген ал.