589756033_1262744822555692_9166842420427488511_n.jpg

Бүгүн тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Япониянын Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчиси Рюити Хирано менен жолукту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушууда тараптар жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштурууну, "Борбор Азия + Япония" диалогунун алкагындагы кызматташтыкты жана биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү маселелерин талкуулашты.