Акыркы учурда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары тарабынан социалдык тармактарга тарап жаткан маалыматтар тууралуу легендарлуу парламенттин депутаты, коомдук ишмер Жамин Акималиев пикирин билдирди.
Ал ар кандай терс кептерге көңүл бурбай, өлкөнү алдыга жылдырууну гана башкы максатка айлантуу керек деп эсептейт.
"Алардын сөзүнө көңүл бурбаш керек. Көңүл буруп жатып, алардын баркын көтөрүп жатабыз. Мен көп жыл саясатта жүргөн адам катары айтайын - Султанбеков деген бала "сууну көп кечсең чалчык болот, сөздү көп сүйлөсөң тантык болот" дегендей, тантык жигит. Сапар Исаковду болсо Атамбаевдин келечекте президент кылам дегенин өкмөттү башкарып турганда көрбөдүмбү, өкмөттү башкарган киши эмей эле, сөлөкөт болду, карикатура болду. Биз уялчубуз, эч нерсени билбейт, эч тажрыйбасы жок, оозун ачкан балапандай эле болчу. Ошону да Атамбаев президент кылам деп көтөрүп жүрдү.
Ошондуктан элге кайрылам: буларга көңүл бурбагыла, булардан эч кандай пайда жок. Анын ордуна жакшылап ойлонуп, татыктуу кишилерди депутаттыкка шайлап алалы, өлкөнү алдыга жылдыралы. Бизге азыр бир гана нерсе - ынтымак керек. А ал ынтымакты камсыз кылчу - бул силер, эл. Булар болсо былжырап келишкен, дагы да былжырай беришет", - деди Жамин Акималиев.