Атамбаевдин имиджине Бишкек ЖЭБиндеги окуя крест койду. Мындай пикирин коомдук ишмер Кубан Мамбеталиев билдирди. 

Айтымында, ЖЭБдин туура эмес, коррупциялык схемалардын коштоосунда реконструкция болушу Бишкекти ыш каптоосуна алып келди. 

"Булар кытайлык фирма менен иштешкен. Ал айтты: "Мен генератордун жаңысын коем", - деп. 2500 мегаваттык генератор коерун айткан, бирок ищ жүзүндө 300 мегаватт коюлду. Анан ЖЭБдин трубасын 20 метрге кыскартты. ЖЭБ Советтер союзу маалында курулган, анда долбоорлук институттар иштеп, атайын трубаны бийик кылган, анткени түтүн шаарды каптабашы керек. А Атамбаевдин бийлиги трубаны кыскартты, анткени каражат үнөмдөштү. Жыйынтыгында, Бишкек ышка чулганды", - деди ал. 

Ал белгилегендей, мунун баарын ЖЭБдеги авария ачыкка чыгарды. Атамбаевдин бийликтен кетээри менен авария да орун алып, ага чейинки коррупциялык иштерди суу үстүнө калкытып чыгарды. 

Ошондой эле Кубан Мамбеталиев учурда өлкө ичинде бүлүк салууга жасалып жаткан аракеттердин башында мурдагы премьер-министр, Атамбаевдин шакирти Сапар Исаков тураарын белгиледи. 

"Буларга бийлик жана акча гана керек", - деп кошумчалады. 

Булар маселелердин баарын Атамбаев кайра өзү козгоп жатканын айткан Мамбеталиев, анын реванш кылууга биринчи аракети ишке ашпай калгандан кийин бул жакта калган фанаттарынын жардамы менен экинчи аракетин жасап жатат деп эсептейт.