- Лукашенко ЖККУну кыргыз-тажик чек ара чатагын чечүүгө көмөктөшүүгө чакырып,  "Биз ЖККУ өлкөлөрүнүн көйгөйлөрүнө сүңгүп киришибиз керек”, -деди. Ал туура маселени көтөрдүбү?

- Чек аранын чечилип калса албетте, жакшы болот эле го. Бирок Лукашенко чечип жиберет дегенге мен көп деле ишене бербейм. Азыр согуш болуп, эл аралык мамилелер дагы бузулуп жатат. Ошондуктан Лукашенконун дагы күчү жок болуп жатат. Негизи бул маселени чечүүгө мурунураак эле киришсе болмок. Азыр кеч болуп калды. Эми  Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев көсөмдүк кылып, тажиктердин эсине келтирип чечет го деген үмүтүм зор. Бул маселе чечилбей калбайт, чечилет. Болгону, мындан кийин кан төгүлбөсө, чек арада чыр чыкпаса деген эле тилек.