Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 134

ККМ жана ЭТТК (электрондук товардык транспорттук коштомо кагаз) киргизүү өлкө экономикасынын өнүгүүсүн шарттайт. Бул тууралуу "Дордой-Дыйкан" соода-базар комлексинин жетекчиси Эркин Салымбеков Фейсбуктагы баракчасына жазды. 

"Бардык өнүккөн өлкөлөрдө ККМ жана ЭТТК колдонуу бир гана оң таасирлерин берип, экономикалык өнүгүүнүн ыргагын бир топ жогорку деңгээлге чыгарды. Аны менен катар салык төлөмдөрү көбөйүп, алар өз кезегинде айлык акылардын, пенсия жана жөлөкпулдардын жогорулашына жумшалды.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын социалдык-экономикалык жана саясий өнүгүүсү оң динамикага ээ. Өлкө жетекчилиги мугалимдерге, аскер жана башка бюджетке караган кызматкерлерге көп көңүл буруп, айлык маяналары биринчи жолу чоң өлчөмгө көбөйтүлдү.

Бардык ишкерлерди президенттин жана өкмөттүн саясатын колдоого чакырам, биз заман агымына жарага болушубуз керек, башка өлкөлөрдөн артта калбоого тийишпиз. Экономикалык ишмердүүлүк жүргүзгөн ар бир адам атамекендик экономиканын өнүгүүсүнө салымын кошуп, мекенин колдошу керек", - деди Эркин Салымбеков.