Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 347

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев Ютуб каналдардын бирине маек берип, Дубайдагы жолугушуу тууралуу айтып берди. 

Ал бул жолугушуу Садыр Жапаровдун тарыхый демилгеси экенин белгилеп, Бакиев, Отунбаева, Атамбаев жана башка президенттерге кандай карай турганын билдирген. 

"Менин аларга эч кандай айыптоом жок, ал эми менин дарегиме айтылган айыптоолор мажбурланган популизм. Мен алардын жана балдарынын короосуна таш ыргытпагам, ошондуктан менден кийин болгон президенттердин ишине тарых жана коомчулук баасын берет. Кыргыз элибиз сындаганга кыйын, ошондуктан баасын берет, сындоо алардын иши, менин эмес.

Менден кийин бийликке келгендер өздөрүнө кадыр-барк топтош үчүн мени айыптап келишкен", - деген ал.

Ошондой эле, жолугушууда Курманбек Бакиевди Кыргызстанга алып келүү тууралуу маселе көтөрүлбөгөнүн белгилеген.

"Садыр Жапаров жолугушууда ар бир адам мыйзам чегинде жоопкерчилик тартышы керектигин айтты. Башкысы, ал бул үчүн шарт түзөөрүн билдирди. Ага рахмат. Эки жыл мурда мен үчүн шарт түзүп, эгер маселеңизди чечкиңиз келсе, келип, мыйзам чегинде жооп бериңиз деген. Мен мүмкүнчүлүктү пайдаландым, Кыргызстанга кийинки күнү эле учуп бардым. Бир нече жолу барып келдим. Эртең менентен баштап кечке чейин тийиштүү кызматтарда отуруп,  бардык суроолорго жооп берип, көрсөтмө бердим, аягында элге расмий кайрылуу жолдодум, кечирим сурадым. Мен бардык процедуралардан мыйзам алкагында өттүм", - деген Акаев.