Коомдук ишмер Абдырахман Маматалиев Дубайда Кыргызстандын президенти жана экс-президенттеринин жолугушуусу тууралуу пикирин билдирди:

- Бул жолугушууну эмне максатта уюштургандыгы жөнүндө расмий маалымат таратты. Биз ошол маалыматка ишенгенибиз туура деп ойлойм. Анан, А.Акаев эки жолу интервью берип бардык экс-президенттер аягына чейин отургандыгын айтып жатат. Калыстык үчүн айтсак алардын баарынын эле артында калбыры бар (кээ биринин бир нече кылмыш иши, калгандарына элдин чоң нааразылыктары дегендей…). Эгер, булар дагы эле ушинтип бөлүнүшүп, элди бөлүп-жара беришсе, өздөрүнө эле жаман, өлкөдөгү туруктуулукка да кесепети тиет. Албетте, эл арасында ар түрдүү пикирлер бар. Бирок булардын негизги максаты өлкөдөгү туруктуулук, элдин ынтымагы жана мамлекеттин өнүгүүсү деп ойлойм.