Дубайдагы экс-президенттердин президентибиз Садыр Нургожоевичтин демилгеси менен чогулушу - ынтымак үчүн, тынчтык үчүн, Кыргызстандын келечеги үчүн жасалган аракет. Муну кайсы бир мурдагы президентти актоо же алып келүүгө аракет катары түшүнбөө керек.
Кептин баары ал жыйынды саясий нукка бургусу келген бузукуларда жатат. Андайлардын бири - Атамбаев. Аскар Акаев Атамбаев жолугушуунун аягына чейин отурганын, жакшы каалоолорду айтып, дасторкондогу аштан жеп, президентибиз Садыр Нургожоевичтин аракетине макул болгонун тастыктабадыбы. Анан эле Испанияга барып алып жыйындын жыйынтыгын саясий нукка бурганы - Атамбаевдин өзгөрбөгөнүн билдирет. Мунун оорукчан, калпычы, бузуку экенин бүтүндөй кыргыз эли көп жылдан бери билип калган.
Андай болбосо ынтымак үчүн жасалган президентибиз Садыр Жапаровдун аракетин бурмалайбы? Менимче Атамбаев өз башы менен иштебейт.
Анын пульту кимдир бирөөдө же бир топтун чеңгээлинен чыга албай, алардын капканында турат, өз башы менен эмес, кимдир бирөөлөрдүн "диктовкасында" жүрөт деп эсептейм. Башка сөз деле жок. Калктан өткөн калыс жок, өз баасын берет.