Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 257

"Ар бир мамлекеттик ишмер өлкө турмушундагы кайсы бир олуттуу окуяга пикир билдирүүдөн качпай, өз позициясын так билдириш керек", - дейт экс-спикер Абдыганы Эркебаев. 

Ал президент Садыр Жапаровдун мурдагы президенттерди ынтымакка чакыруу аракетин толугу менен колдой турганын билдирди. 

"Бул окуя боюнча ар түрдүү пикирлер жаралды. Кыргызстандын коңшулардан бир өзгөчөлүгү, жетишкендиги жана дүйнөгө таанымал болгондугу ушунда - бизде түрдүү пикирлер орун алат. Бул демократиянын жышааны.

Мен президенттин кадамын толугу менен колдойм. Себеби, бардык президенттер менен убагында чогуу иштешкем, өйдө-ылдыйда чогуу болгом. Жакшысына сүйүнгөм жана жаманына кейигем. Ошол эле убакта чындыкты жеке өздөрүнө дагы, эл алдында дагы айтып келгем. Эгер Кыргызстанда буга чейин жакшы иштер жасалган болсо, ага менин да салымым бар, эгер катачылык кеткен болсо, менин да күнөөм бар. Кээ бирлер бардыгына президентти күнөөлөп жатышпабы, ал туура эмес.

Тарых деген улуу нерсе. Садыр Жапаров элди тарыхына кайтарууну ниеттенип жатат. Манас бабабыз айкөл деп аталат, акылман Бакай, Кошой элибизди дайыма ынтымакка, биримдикке чакырышкан. Улуу Куранда, Библияда кечиримдүүлүккө, айкөлдүк чакырат. Мурдагы президенттердин көргөн күнүн эч кимдин башына салбасын, албетте, өздөрү күнөөлүү, жасаган ишине ар ким өзү жооп бериши керек. Бирок биз тарыхыбызды, салтыбызды сыйлап, улуттук улуу мүдөөлөрдү, келечегибизди ойлоп, бизди башкарып келген адамдарга башкачараак мамиле жасаганыбыз туура", - деди Абдыганы Эркебаев.