Саясат талдоочу Жолборс Жоробеков президент Садыр Жапаровдун Кыргызстандын мурдагы президенттерин ынтымакка чакыруу аракетин "соңку кыргыз тарыхындагы орчундуу окуя" катары баалады.
"Мен бул жаңылыкты канааттануу менен кабыл алдым жана колдоймун. Биз убагында Маркстын теориясы менен чоңойдук. 30 жылдан ашуун убакыттан бери рынок экономикасы менен жашап келатабыз. Көп окуяларды баштан өткөрдүк. Анын баары кыргыз эли кандай кыйынчылык болсо да чыдайт, бирок акыйкатсыздыкка чыдабай турганын көрсөттү. Ошондон улам Акаевди да, Бакиевди да кубалап жибердик. Кийин Атамбаев дагы ар кандай жоруктарын көрсөтүп, өзүнө жакын, кол бала адамын президент кылып, мамлекетти башкара берем деген тилегин ишке ашыра албай калды. Менин айтайын дегеним, ошол 30 жылдык тажрыйбабыз кыргыз эли эч кандай теорияга ишенбеген, калыпка салынбаган, өзүнүн табияттан берилген жолу менен жашаган эл экенин билдирди.
Ошондуктан, Садыр Жапаровдун бул кадамы биздин нарк-насилибизге, кыргыздык тарыхыбызга абдан төп келет. Бирок жүнүн жеген юристтер, укук коргоочулар бар да, ошолор шак эле ар түрдүү пикирлерди айтып жатышат. Талкуулар да түрдүүчө болууда. Көбү "Бакиев келип калбайбы, аны алып келүүгө даярданып жатышабы" деген суроонун тегерегинен чыкпай калышты. Өзүбүздү сүйгөн эл болсок, анда, келгиле, сот болсун, Бакиев келсин, элдин алдында жооп берсин. 86 дейбизби, 96 дейбизби, балдардын өлүмү болду, кандай бийлик болбосун адамдын бир тамчы канына татыбайт. Ошол балдар кайдан, ким тарабынан атылды - жооп алышыбыз керек. Сырттан кесип койбой, алып келели, ага да сөз берели, күнөөсү болсо моюнуна коелу.
Мында, бир эле Бакиев тууралуу сөз болбошу керек. Ар бир президенттин өзүнө жараша ийгилиги, кемчилиги болгон. Ошолорду эл кечирет беле дегенге алып келиш керек. Азыраак адамдын колдоосу менен же кыйкырык-өкүрүгү менен чечилип калбоосу кажет.
Бирок кандай жагынан карабайлы Садыр Жапаровдун бул кадамы соңку кыргыз тарыхындагы орчундуу окуя болуп калды", - деди Жолборс Жоробеков.