Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 310

- Атамбаев Дубайдагы экс -президенттердин жолугушуусунда аягына чейин отурбай  чыгып кеткенин айтты. Ал ортодо экстердин башын бириктирүү  Бакиевдерди алып келүү үчүн уюшулуп жатат деген да кептер тарады. Бул боюнча кандай пикирдесиз?

- Менин оюмча мындай жолугушууда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров өзүнүн элге кайрылуусунда так түшүндүрүп кеткендей бир эле маселе каралды - калкыбызды биримдикке чакыруу. Албетте, ошол жолугушууга катышкандардын жеке кызыкчылыктары болушу мүмкүн, бирок мамлекеттин башчыларынын бир эле максаты болот - жеке амбицияларын өлкөнүн, улуттун, мамлекеттин кызыкчылыгынан төмөн коюу. Ал эми мурунку президенттер кыргыз элинин астында тообо (покаяние) келтирүүсү абзел. Кландарга, партияларга жана башкаларга бөлүнүп атып кыргыз эли азыркы абалга келдик. Саясатчыларды тегеректеп бөлүнбөй, өлкөнү өнүктүрө турган, калктын жашоосун жакшырта турган концептуалдык идеялардын тегерегинде биригишибиз керек.