Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 166

18-февралда Дубайда Кыргызстандын учурдагы жана мурдагы президенттеринин жолугушуусу болгону маалым болгон. Президент Садыр Жапаров өзү бул тууралуу соцтармактагы баракчасына жарыялап, экс-президенттерди элдештирүү менен өлкөнүн тарыхынын жаңы барагын ачууну ниеттенгенин белгилеген. 

Бирок Алмазбек Атамбаев көп өтпөй тескери билдирүүсүн чыгарды. Анда мурдагы президент жолугушуу күтүлбөгөн жагдайда болгонун, Дубайга Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев чакырып жатат деп ойлоп барганын билдирип, "Бирок жолугушуунун аягында жаралган кырдаалдан улам эч ким менен коштошпой, англисче кетип калуума туура келди", - деген. 

Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев бүгүн "Азаттык" үналгысына маек берип, жолугушуу тууралуу айтты. 

"Бардык, колдодук. Бул тарыхый окуя болду. Баргандардын баары колдоду, мен аны так жоопкерчилик менен айта алам. Баары аягына чейин отуруп, тамак -ашын ичип татынакай, баары Садыр Жапаровдун демилгесин колдоп беришти. Бардык президенттер, анын ичинде Атамбаев эң аягына чейин отуруп, ар бири өз сөзүндө Садыр Жапаровдун демилгесин колдоп, баары айтышты "элибиздин ынтымакта, биримдикте, туруктуулукта келечекте жакшы самаалыктарды жаратканга эки колдоп колдоп беребиз" деп", - деп айткан Акаев төмөнкү видеонун 4.10 мүнөтүндө. 

Ушуну менен Атамбаевдин кезектеги калпы ачылгандай болду. Бир гана нерсе түшүнүксүз - жолугушуунун аягына чейин отуруп, Садыр Жапаровдун демилгесин колдоого алганын эмнеге жашырат? Бул мамлекетке каршы уюштурулган иш эмес да. Өлкөнүн биримдүүлүгү үчүн жасалган аракетке ак ниетин билдирип, алты жыл мамлекет башында отурган адам катары аты менен жүзүн сактап калса болмок.