- Экс-президенттерди ынтымакка чакырып,  кекти кечирип, өчтү өчүрөлү деп Садыр Жапаров чоң аракет жасады. Мындай жагдайбизде эле орун алдыбы же башка мамлекеттерде дагы барбы?

- Мындай көрүнүш АКШда да бар, Украинада да болгон. Мисалы, АКШнын президенттери биригип улам болуп жаткан гуманитардык кырсыктарга татыктуу жооп берүү үчүн, Америка элин бириктирүү үчүн ыктыярдуу жоопкерчилигин алышат. 

Украинанын президенттери (Януковичтен башкасы) болсо Крым, Донецк, Луганск маселелери боюнча биригишип, Минск келишимине зор салым кошушкан. Бир эле өзгөчөлүк: АКШ менен Украинанын президенттери мамлекетти үй-бүлөсү менен башкарды, коррупциялык схеманы түздү деп күнөөлөнгөн жок жана Януковичтен башкасы эч кимиси өлкөсүнөн качып чыгышкан эмес.