Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 137

Жакында президент Садыр Жапаров Кыргызстандын мурдагы президенттерин чогултуп, биримдикке чакырганы маалым болду. Мамлекет башчы бул кадам элдин, жердин бүтүндүгү, ынтымагы үчүн жасалганын белгилеген. 

Саясат талдоочу Бакыт Бакетаев президенттин демилгесин көчмөн элдин философиясына байланыштырды. 

"Садыр Жапаровдун бул кадамы акыркы 30 жылдагы саясий майдандагы жаңы кадам болду. Мен аны керек болсо философиялык кадам дейм. Анткени, көчмөн философиясында ушундай айкөлдүк түшүнүктөр, баалуулуктар бар. Кыргызстанды буга чейин башкарган президенттердин өнүгүү жаатында ар кимисинин өзүнө тиешелүү тажрыйбасы топтолгон. Ошондуктан, алардын дагы тажрыйбаларына таянып, Кыргызстаныбызды бир жакшы экономикалык, социалдык жана саясий секирикке даярдасак болот.

Экс-президенттердин ар биринин колдогон командалары бар. Эми ошолордун ортосунда ынтымак пайда болсо, өлкөнү өнүктүрүүгө өбөлгө түзүлөт. Биринчи кадамды Садыр Жапаров жасады, экинчи кадам экс-президенттерден болууга тийиш.

Учурда геосаясатта ар кандай согуштар, түшүнбөстүктөр болуп жатат. Садыр Жапаров эми талантын, дипломатиялык касиетин геосаясатка жумшаса деп күтүп жатабыз", - деди Бакыт Бакетаев.