Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 130

Жакында президент Садыр Жапаров Кыргызстандын мурдагы президенттерин Дубайга чогултуп, бириктирүүгө аракет жасаганы белгилүү болгон. Мамлекет башчы мындай кадам элдин, жердин ынтымагы, биримдиги үчүн болгонун белгилеген. 

Бирок мурдагы президент Атамбаев бул демилгени терс баалады. Ал жолугушууга алданып барганын жана отургандар менен тил табыша албай, коштошпой чыгып кеткенин жарыялады. Ал эми Аскар Акаев Жапаровдун кадамын Кыргызстанды өнүктүрүү ниетине байланыштырды. 

Медицина илимдеринин профессору Калдарбек Абдраманов учурдагы бийликти эл колдоп жаткандыктан, ага таянуу менен алдыга жылышы керек деп эсептейт.                

"Ооба,  президентибиздин ой тилеги эң жакшы, элдин биримдигин бекемдөө абдан  керек, колдойм! 

Бирок элибиздин биримдиги, келечеги мурдагы президенттердин мамилесине көз карандыбы? Макул, мурункулар бири бирин кечиримиш болушуптур (менимче кечиришпейт)! А андан элге, элдин келечегине кандай пайда? Себеби, аларды эл, тарых, келечек эч качан кечирбейт да. Ооба, аларга ар бирине ар бирибизде, менин да жеке өзгөчө баабыз бар, бирок  негизинен ошолор өлкөнү 30 жылда туңгуюкка алып келбеди беле?!

Менимче, азыркы жетекчилер аларсыз эле туура багытта баратышат. Артка, аларга  кылчайбай эле эл колдоп жаткандан кийин алга жыла бериши керек! Элге ишенип негизинен элдин колдоосун алыш керек деп ойлойм. Кеткен бийлик жаңы бийликти эч качан сүйгөн эмес, колдобойт да, бул аксиома!