Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 160

Мурунку президент Аскар Акаев да Дубайдагы жолугушуу тууралуу пикирин социалдык тармактагы баракчасына жарыялады. 

«Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров жана анын командасы шайлангандан бери эки жыл аралыгында мамлекеттик жана коомдук турмуштун бардык тармактарында, өлкөнүн ички жана тышкы саясатында көрүнүктүү ийгиликтерге жетишти... Кыргызстанда бүгүнкү күндө өлкө үчүн зарыл болгон экономикалык жылышка жана андан ары динамикалык туруктуу өсүшкө шарт түзгөн кырдаал түзүлдү — бул элдин жыргалчылыгын кескин жогорулатуунун негизи.

Мына, ушундай шартта президент Садыр Жапаров өзүнөн мурунку президенттердин баарын жалпы дасторконго чогултуп, тарыхый мааниге ээ, буга чейин болуп көрбөгөн кадамга барды. Чынында эле бул тарыхый окуя, залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун сөзү менен айтканда - “Кылым карытар бир күн!” 

Катышуучусу катары мага бул жолугушуу элдин кызыкчылыгын жогору коюп, кыргыз мамлекеттүүлүгүн чыңдоонун негизинде уюштурулганы маалым. 

Муну менен, балким, өзүнөн мурункуларга болгон нааразычылыгын жок кылуу менен Садыр Жапаров өзүнүн саясий даанышмандыгын, адамдык берешендигин көрсөттү.

Албетте, мамлекеттүүлүктү чыңдоо, эл арасындагы биримдикти, ынтымакты бекемдөө өлкө президентинин түздөн-түз жана негизги конституциялык милдети. Бул милдетти иш жузунде толук ишке ашыра баштаганы кубандырат.

Жеке мен бул демилгени колдоп, Кыргызстандын бакубат келечеги үчүн, кыргыз коомундагы стабилдүүлүктү бекемдөө үчүн кесиптештеримди макул болууга жана колдоого чакырдым.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, мен дагы Кыргызстан элин эл шайлаган президент Садыр Жапаровдун тегерегине биригип, учурдагы ыңгайлуу кырдаалдан пайдаланып, гүлдөгөн Кыргызстанды курууга экономикалык көтөрүлүш жасоого чакырам!” –деп жазды Аскар Акаев.