Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 220

Кечээ Атамбаев Кыргызстандын экс-президенттеринин жолугушуусу боюнча билдирүү жасаган. Анда мурдагы президент жолугушууга "алданып" барганын жана анда көп отурбай, эч ким менен коштошпой чыгып кеткенин белгилеген. Ал эми журналист Шамурза Борукулов Атамбаевдин билдирүүсүнө жооп кайтарды:

"Албетте, чыгып кетет да башка айласы барбы?

Президентибиз жаш болсо да, көптү көрүп 100гө чыккан көсөм акылмандын ишин кылды.

Мындай аракет ар бир адамдын колунан келе бербейт. Мындайды Атамбаев миңге чыкса да түшүнбөйт.

Мен ойлодум эле, эмне болгондо да жашы жетимишти таяп калган аксакал, кесепет болсо да алты жыл эл башкарган адам сөрөй, кылган акмакчылыктарын өзү беш колундай билет, ошон үчүн барбай калса керек деп. Шүмшүйүп жетип барыптыр.

Илгери кургакчылык, ачарчылык, каатчылык болуп, өзү өлөйүн деп олтуруп: "Куйрук- жалы жок эле, кунан байкуш не болду, колу- буту жок эле, жылан байкуш не болду", -деп Асан кайгы деген киши үйүндө олтуруп кайгырган экен.

Экс - президенттер жолукту деген сонун жаңылыкты уккандан бери мени да "Атамбаев байкуш менен Отунбаева бечаралар Бакиевден көзүнө кантип тиктешти экен, канга батып калган колдорун Бакиевге сунганга кудуреттери жетти бекен, жүрөктөрү кармап инсульт алып калышпады бекен" деген учу түгөнбөгөн ой басып жаткан.

Бирок "горбатого могила исправить" дегендей, бул Атамбаев өлгөндө да оңолбойт экен.

"Өлкөнүн тынчтыгы, биримдиги менен Бакиевдин өлкөгө кайтышы эки башка нерсе"- дегенине эмне бересиң, кудум эле өлкөнүн тынчтыгы, элдин биримдиги бул айбанды кызыктырып келгендей.

Тынчтыкты бузуп согуш кылган, биримдикти талкалап элди бөлгөн ушул, өзү эмес беле.

Анан дагы Бакиевдин өлкөгө келиш- келбешине бул кылмышкердин канча иши бар? Өзүн түрмөдө чиритиш керек, же болбосо өлкөдөн куулуп чыгып кете турган эл бузар эмне үчүн өзүнө ашыкча милдетти артып алган? Кайсыл акмак сурап жатыптыр андан Бакиев келсинби же жокпу деп?

Бул кылмышкер барган жер - балээ баскан кырсык жер.

Муну башкаларга аралаштырбай, 3,5 жыл олтурган ысык ордуна киргизип коюш керек. Мунун көрпө- төшөгү түрмөдө калды".