Кечээ, 18-февралда Кыргызстандын мурдагы президенттери менен учурдагы президенти Садыр Жапаров бейрасмий жолугушканы белгилүү болду. Мамлекет башчы бул кадамды өлкөнүн өнүгүүсү, элдин биримдиги үчүн жасаганын белгиледи. 

ЖК депутаты Марлен Маматалиев экс-президенттердин ынтымакка келишин тарыхый кадам деп баалады. 

"Орусча айтканда -  «надо начать с чистого и белого листа». Баарын ак барактан баштоо - туура жана тарыхый кадам. 

Эми ошол сүйлөшүүлөргө бекем туруп мамлекет, жалпы эл, улут үчүн бөлүнбөй мамлекетибизди чындап, өнүктүрүп, өстүрүп, көтөрүп алалы. Тарыхта 20-30 жылда эле эбегейсиз өнүгүп кеткен көп мамлекеттер бар. Бекеринен кыргыздар «Ырыс алды - ынтымак» деп айтышпаган. Ынтымактуу болсок Кудай береке берет.