- Садыр Жапаров  Кыргызстандын мурунку президенттерин  бир столго отургузуп, ынтымакка чакырыптыр. Президент туура кадам жасадыбы?

- Кыргыздын асыл кептери бекер айтылган эмес, “Таш менен урганды аш менен ур” деген. Албетте, сый тамак тартылып атканга караганда  орчундуу жагдай себеп болгондой. Бул жолугушуунун ийгилигин мезгил көрсөтөөр. Бирок да кимиси кандай шартта, кандай деңгээлде, эмнеси менен элдин эсинде калды - бул өзүнчө кеп.