- Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын келечеги үчүн мурдагы президенттерин бир столго отургузуп, ынтымакка чакырыптыр. Эми "бир жакадан баш, бир жеңден кол" чыгарып, мамлекеттин биримдигин бекемдей алышабы?
- Негизинен "кыргыз эли - айкөл эл" деп коёбуз. Бирок азыркы учурда кыргыз элимдин мүнөзү башкача болуп кетти. Башка улуттар келсе жагынып, алдына аш коюп чуркашат. Кыргызды геноцид кылган орусту кечирип, алардын короосун шыпырып, салосун жеп жүрүшөт. 2010-жылы 500гө жакын кыргызды кырган өзбек туугандардын самсасын жешип, Ташкент плову деп рекламалап жатышат. Улуу Ата -Мекендик согушта 20 миллиондон ашык совет элин жок кылган немецтерди кечирип, аларды даңазалап, жашоосуна суктанып жүрүшөт.
Кыргызга келгенде эле мурчуйушуп, принципиалдуу болушуп, кечирүүгө мүмкүн эмес дегендей позицияны кармангандар арабызда бар. Ошолордон айырмаланып өлкөбүздүн президенти Садыр Жапаров баарын кечирип, эч качан бирикпейт деген алты "кочкордун" башын бириктире алды.
Ал учурунда өз баласын былчырата тебелегенди да кечирип койгон. Азыркы бузулган коомдо жоопкерчиликти алып, тобокелчиликке баруу опурталдуу. Ошондой болсо да урматтуу президентибиздин аракети анын кеменгер экенин, айкөлдүгүн билгизет. Ушундай аракеттердин баары Кыргызстан элинин тынчтыгы, ынтымагы үчүн деп эсептейм.