Кечээ, 14-февралда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев түрмөдөн чыкты. Анын кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши кайра кароого жиберилди. Ошондой эле, мурдагы президентке сот чет өлкөгө чыгууга уруксат берген. Бүгүн анын Испанияга дарыланууга кеткени маалым болду.
"Кабар" улуттук агенттигине президент Садыр Жапаров маек берип, Атамбаевге байланышкан суроого жооп берди.
"Сот менен укук коргоо органдары чечтиби, демек, соттун чечимине баш ийишибиз керек. Эң негизгиси мыйзамга баш ийип жашаганды үйрөнөлү. Былтыр дагы Октябрь окуясы, мектеп салганы, чет өлкөнүн жарандарына паспорт берген кылмыш иштери боюнча сот актап жиберген. Анда деле соттун чечимине макул болушубуз керек дегенбиз. Макулбуз.
"Түрмөдө жыландын баласы дагы жатпасын" деген сөз бар. Мен душманымдын дагы түрмөдө жатышын каалабайм. Кудай, пайгамбарыбыз Мухаммад саллалоху алейхим вассалламга: "Мен дайыма кечиримдүүлөр менен сабырдуулар тараптамын" деп айткан экен. Кечиримдүү болушубуз керек. Биз Кудай жолунда болсок, бардык иштерибиз дайыма алдыга жылат", - деди президент.