Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 192

Министрлер Кабинетинин төрагасы Эдил Байсалов соцтармактагы баракчасына мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин түрмөдөн чыгышы боюнча пикирин жарыялады. 

"Алмаз Атамбаев эркиндикке чыкты. Адамдык мамиледе баары анын аялы, балдары үчүн кубанып жатышат. Дээрлик үч жарым жыл темир тор артында болуу өтө узак мөөнөт. Кайталайм, бүгүн бир үй-бүлө үчүн майрам болуп, жакындар бирин бири көрүшүп, күйөөсүн, атасын жана чоң атасын кучактаганына баары кубанычта.

Биздин коом алдыга кетиши керек жана эски таарынычтарга кайрылбоого тийиш. Бүгүнкү бийлик баракты жаап, биздин жалпы тарыхыбыздын жаңы бөлүгүнө өтүүгө умтулуп жатат. Биз тынчтыкта жашап, өлкөбүздү өнүктүрүшүбүз керек", - деген Байсалов. 

Ошондой эле ал, ММКларга жана комментаторлорго кайрылып, Алмазбек Атамбаевдин тарыхын Сооронбай Жээнбеков менен каршылаштыгына байланыштырбоону суранды. 

"Жөнөкөй фактыларды эске салам. Атамбаев өтө чоң аракетти жасап, жазылган жана жазылбаган эрежелердин баарын бузуп, өзүнө мураскер тандады дагы аны элге таңуулаган. Өлкөнү коңшулар менен дээрлик согуштук мамилеге жеткирген, массалык камоолорду жасап, альтернативдүү талапкерди түрмө менен коркуткан. Бирок анын Жээнбеков боюнча эсеби акталбады. Мында кеп достукта эмес! Кеп Конституцияда - Демократиянын негизги мыйзамында. Толук кандуу президент бир гана жалпы элдин тандоосундагы адам болот. Конституция андан башка ыкмаларды сунуштабайт. Эч ким эч кимди саткан жок. Атамбаев өзү мамлекеттин пайдубалына кол салып, тополоң уюштуруп, жаңы шайланган президент Жээнбековду мөөнөтүнөн мурда кууп чыгууга аракет кылган. Эс алып, өзүнүн супермиллиарддары менен ырахаттангандын ордуна, шайлоодон эки ай өтөөрү менен Жээнбековду "бакиевдикке" айыптады жана башка дагы айыптоолорду такты, болбосо ага чейин элди анын талапкердиги өтө идеалдуу экенин айтып ынандырган.

Ошол убактын мыйзамдуу мамлекет башчысы эмне кылышы керек эле? Көп жолу аны сыйлай турганына ынандырууга жасаган аракетинен майнап чыкпады. Атамбаев баарына жана ар бирине төңкөрүш жасай турганын айтты.

Атамбаевге ошол убактагы тергөө кызматтары тарабынан ачылган кылмыш ишинин негиздүүлүгүн комментарийлегим келген жок. Атамбаевдин эң чоң кылмышы анын мыйзамга жана мамлекетке баш ийгиси келбегенинде жатат. Ал тергөө чараларына келүүгө милдеттүү болчу. Бирок Атамбаев өзүн Элден, Мамлекеттен жана Мыйзамдан жогору койду. Жыйынтыгында, баш тартканынын айынан курал колдонулуп, спецназдын офицери Үсөн Ниязбеков каза тапты. Чүй ИИБинин начальниги, генерал Самат Курманкулов майып болду. Буларды унутууга болбойт...

Ошондуктан, биз туура жыйынтык чыгарышыбызды каалайм.

Эч ким өзүн мамлекеттен жана мыйзамдан жогору койбошу керек. Эгер биз кимдир бирөөгө чакырыкты көңүл сыртында калтырууга жол берсек, анда эртең Сомалиден айырмабыз жок болуп калат. Өлкөнү талаа командирлери башкарат.

Мамлекет мындан ары эч кимге элдин бийлигине – демократияга шек келтирүүгө жол бербейт!" - деп жазды Эдил Байсалов.