Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 284

Президент Садыр Жапаров 12-13-февралда Венгрияга расмий сапар менен биринчи жолу барды. 

Анын учагы Будапешт шаарындагы абамайданга түн жарымында конуп, Венгриянын президенттик администрациясынын жетекчиси тосуп алды. 

Ал эми Венгрия президенти Каталин Новак менен жолугушуу 13-февралда болду. Ал өлкөнүн президентти жайгашкан Шандор сарайына Садыр Жапаров атчандар коштогон кортеж менен келди.