Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 108

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 12-февралда расмий сапар менен Будапештке (Венгрия) жөнөп кетти.

Расмий сапардын алкагында жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сүйлөшүүлөр, кыргыз-венгер бизнес форуму жана башка иш-чаралардын өткөрүлүшү күтүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында:

- Мамлекет башчысынын жубайы Айгүл Жапарова;

- тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

- Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

- Кыргыз Республикасынын Венгриядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Талантбек Кушчубеков;

- билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов;

- санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов;

- экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;

- юстиция министри Аяз Баетов.