- Өткөн аптада биздин өлкөдө чоң саясий иш-чара болуп өттү, ал - Өзбекстандын президентинин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары. Айрымдарга бул сапар маанилүү деле болбошу ыктымал, бирок, эки мамлекет үчүн, өзгөчө Борбор Азиянын чөлкөмдүк саясатындагы коопсуздук жаатында изин калтыра турган, олуттуу сапар десек болот.
Сапар алкагында, өкмөттөр аралык мазмундуу пикир алмашуулар, чоң бизнес-форуму өттү, 168 миллион долларлык долбоорлор боюнча да макулдашышты.
Ал эми эң маанилүү күн тартиби Кыргызстан жана Өзбекстан президенттери - Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев мамлекеттик чек аралар боюнча келишимге кол коюшуусу болду.
Бул иш-чараны тарыхый деп баса белгилесе болот. Анткени, буга чейин, узак убакыттардан бери карама-каршылыктардын, түшүнбөстүктөрдүн, өзгөчө айрым саясатчылардын амбициялык жолтоолорунун айынан жөнгө салынбай келген. Албетте бир чечимге келүү оңой болбоду, ага чейин түркүн жагдайлар болду, бирок ички-сырткы тоскоолдуктарга карабастан Кыргызстан жана Өзбекстан президенттери эки өлкөнүн чек-ара маселелерин сүйлөшүү жолу менен тынч чечип алышты.
Азыркы маалда Кыргызстан менен Өзбекстан чек-арасы белгиленген, демек келечекте эки коңшу элдин ортосунда чек-аранын артынан карама-каршылык кылуучу кооптуу көйгөйлөр жаралбайт, туугандар менен тынч жашап, мындан ары достукту бекемдөө үстүндө кана иш алынып барылат. Бул өтө маанилүү.
Кыргыз коомчулугу Өзбекстан президентинин пикирине толук кошулса болот. Бул маселелерди жөнгө салуу багытында эки тараптан саясий эрктүүлүк болуп, өзгөчө, президент Садыр Жапаровдун саясий принципиалдуулугу, толук жоопкерчиликти алуусу чейрек кылымдан бери созулуп келген абдан чоң, кооптуу көйгөйгө биротоло чеки коюлушу болду.