- Өзбекстандын президентинин Кыргызстанга келгени чечилбеген маселелердин чечилишине жол ачылды деп ишенсек болобу?
- Албетте, бир топ түйүндүү маселелер чечилиптир. Кандай болгон күндө да карым-катнаш жакшы нерсе эмеспи. Өзбекстандын президенти сапарынан кийин жаңы идеяларга жол ачылат. Элдин ынтымагы бекемделет. Качан капшыттан качырып кирип келет экен деп аңдыбай санаабыз тынч коюн-колтук алышып жашайлы да. Мунун пайдасы болсо болот, зыяны жок. Көрө албагандар ар нерсени оттой берсин. Өзбекстан бир ар нерсе болуп ызы-чуу болуп жаткан учурларда өз иши менен алек болуп, бизге караганда алда канча алдыга кетип калды. Биз уялбай эле өзбекстандан дыйкандарды алып келип шаарларыбызды жашылдандыруунун жолун, жерди эффективдүү пайдалануунун жолун үйрөнсөк болот.
Кыргызстан менен Өзбекстан кызматташуу жаатында жалпы 1,6 млрд. долларга бааланган долбоорлордун документтерине кол коюлду деген кабар тарады. Бул өлкөбүздүн алга жылышына чоң жардам болоруна шек жок. Мирзиёевдин келген кадамы байсалдуу болсун.
Биз тытышып кресло талашкандарды жайына койгуча Өзбекстан алда канча алдыга кетип калды. Баягы суу саткан, чалап саткан өзбектер азыр автоунаа чыгарган заводдорду иштетип жатышат. Жашоого ыңгайлашып, ошонун ыгы менен болуп, агымга карата агуу, ийкемдүүлүк канында бар эл менен жакын жашоо өзүбүздү жакшы таанууга жол ачат.
Курсагыбыз ток, өзүбүз сергек болобуз. Азыркы жашоо агымы ушуну талап кылып турган кез. Уйкусуроону, ыкшоолукту, жалкоолукту ташташыбыз керек. Огороддогу чөптү тазалап, көчөлөрүбүзгө суу сээп, таң атпай тазалап турсак эмнеси жаман. Андан сырткары буларда улуттук идеология жакшы өнүккөнүн интернет сайттагы кинолорунан байкоого болот. Бир дагы мушташ, өлтүрүп кетүү, сабап салуу деген темада кино тартышпайт экен. Жалаң адамдардагы назик сезимдерден жаралган ыйык мамиленин тазалыгын даңазалашат. Мисалы, кайнене менен келиндин ортосундагы ызаат-сый, бири-бирин урматтоо сыяктуу үй-бүлө маселесине арналган темаларды байкоого болот. Мына ушун менен тымызын жакшылыкка чакырып турат. Кечке ынтымактуу бололу, биригели дей берсе эле болуп калмак беле. Андай нерселерди айтпай туруп деле жасап койсо болот. Бул жагынан Өзбек маданиятына баа берсе болот.